08:44, 03 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл районуна караштуу Семёновка айылында унаа эки аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу тартип сакчылары билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга «Субару Форестер» унаасы 2-декабрда саат 19:30 чамасында жергиликтүү 2 тургунду сүзүп алганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Жабырлануучулар ооруканага жеткирилди. Алардын бири оор абалда.