17:19, 30 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында саат 18:00дөн саат 21:00гө чейин жана түнкүсүн болжол менен ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган министрлик жарандарды сак болууга чакырды.