Баткенде аял өзүнүн күйөөсүн балталап өлтүрдү

17:30, 30 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Арка-2 айылында аял өзүнүн күйөөсүн балталап өлтүрдү. Бул маалыматты Баткен облусунун милициясы тастыктады.

Алдын ала алынган маалыматка таянсак, ушул жылдын 25-ноябрында 50 жаштагы аял күйөөсү менен спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кеткен. Анда аялы күйөөсүн балта менен урганда, 51 жаштагы киши алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.