Орусиянын «кара тизмесинен» 35 миңге жакын кыргызстандык чыгарылат

16:02, 30 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

35 миңге жакын кыргызстандык жаран 10-декабрга чейин Орусиянын Миграция кызматынын «кара тизмесинен» чыгарылат. Бул тууралуу Миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов «Республика -Ата-Журт» фракциясынын отурумунда билдирди.

Айтымында, Орусиянын Миграция кызматынын «кара тизмесинде» 70 миңге жакын Кыргызстандын жараны бар.

Маалым болгондой, ушул жылдын 6 ай аралыгында кара тизмеден 7 миң кыргызстандык чыгарылган.

Расмий маалыматка ылайык, 750 миң кыргызстандык чет жерде иштеп жүрүшөт. Алардын 80 пайызы Орусияда, 10 пайызы Казакстанда, калганы башка мамлекеттерде эмгектенишет.