«Мен Бишкекти сүйөм» инсталляциясын талкалаган жарандын туугандары айып төлөштү

17:10, 30 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

«Мен Бишкекти сүйөм» инсталляциясын талкалаган жарандын туугандары 60 миң сом өлчөмүндөгү келтирилген зыянды толугу менен төлөп беришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 15-ноябрда Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия Бульварынын кесилишиндеги «Мен Бишкекти сүйөм» инсталляциясын белгисиз бирөөлөр атайылап талкалап кеткен факты катталган. Аталган окуяга шектүү катары 1991-жылы туулган жаран кармалган.

Келтирилген чыгым 60 миң сом деп бааланган болчу.