17:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ЕБ кыргызстандыктар үчүн Шенген визасын алууну жеңилдетүүгө ниеттенүүдө

Шенген визасын алуу жөнөкөйлөштүрүлөт, себеби Евробиримдик 2019-жылы Виза кодексин кайра карап чыгат. Бул тууралуу ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Бишкекте журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Европа биримдиги Европада саякаттоону каалаган кыргызстандык туристтер үчүн виза алуу шарттарын жеңилдетүүгө ниеттенүүдө.

Евробиримдик жаңы Виза кодексин даярдоодо, бул айрым бюрократиялык процесстерди жоюга жардам берет.

Петер Буриан

Ошол эле маалда Петер Буриан мыйзамсыз миграциянын алдын алуу үчүн виза режими керек экенин белгиледи.

«Евробиримдик мигранттарга муктаж. Демографияга караганда, биздин калк карып баратат. Андыктан биз жакшы даярдыктан өткөн жаштарга муктажбыз. Бирок билимдүү кадрлардын баары Европага келип, маселен, Кыргызстанды алсыратуусун каалабайбыз», — деди элчи.

Кыргызстандыктар Европа биримдигине кирген 28 жана ага кошулбаган бир нече Европа өлкөлөрүнүн аймагына кирүү үчүн милдеттүү түрдө виза алышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар