Бишкекте каракчылыкка шектүү делип жаш жигиттер кармалды

14:11, 30 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте каракчылыкка шектүү делип жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин шаардын жашоочусу 27-ноябрда 4 белгисиз жаран тоноп кеткенин билдирген. Ал тапанча менен коркутуп, уюлдук телефонун тарттырып жибергенин айткан. Жабырлануучуга 18 миң сом зыян келтирилген.

Окуяга шектүү делип 2000-жылы туулган 4 жаран кармалды. Аларды шаардын четиндеги конуштардын биринен колго түшүрүү учурунда белгисиз үлгүдөгү тапанча, дубинкалар, бет каптар, ошондой эле кара куурай жыттанган зат алынган.