Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөттүн азыркыдай курамы менен эффективдүү иштөө -оор

16:55, 29 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Өкмөттүн азыркыдай курамы менен эффективдүү иштөө - оор. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Депутат Жанар Акаев өкмөт башчыдан «2019-жылы министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртөсүзбү?» деп сурады. «Балким, Коргоо министрлигин калыбына келтирип, компактуу курам түзөсүз?», -деди ал.

«Өкмөттүн түзүмүндө өзгөрүүлөр болот, бирок жаңы жылдан кийин деп так айта лабайм. Ошентсе да сөзсүз өзгөртөбүз. Менин жеке пикиримде, жаңы эффективдүү түзүм иштеши керек», -деди Мухаммедкалый Абылгазиев.