«Манас» эл аралык аба майданы штаттык режимде иштеп жатат

15:11, 29 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

«Манас» эл аралык аба майданы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аба майдандын аймагында туман тарап, аба каттамдар жүрүп баштады.

Эске салсак, коюу тумандан улам 7 аба каттам токтоп турган болчу.