Бишкектин айрым райондорунда бүгүн жана эртең газ берилбейт

14:12, 29 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым райондорунда бүгүн жана эртең газ берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү даректерде берилбейт:

  • «Көлмө», «Щербаков», «Салам Алик» жаңы конуштарында;
  • Малышев, Күренкеев көчөлөрү менен чектеш аймактарда, Беломорск бурулушунда;
  • Токтаналиев көчөсүндө, БЧК, М.Ганди, Саадаев, Ак-Тилек, МЧК, аймактарында.