11:46, 29 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
2019-жылды «Балдар жылы» деп жарыялоо сунушталды. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова көтөрүп чыкты.
«30 миңден ашык бала ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Мигранттардын балдарына көңүл бурулбай калууда», -деди депутат.
Айтымында, өлкө аймагында бир жылда 40 миң жуп баш кошушса, анын 10 миңи ажырашып кетет. Балдардын 94 пайызы балдар үйүндө тарбияланууда.