11:32, 29 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-ноябрдан, 1-2-декабрга карата чукул билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, 30-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
1-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.
1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15° күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -13…-18°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24°, күндүз -8… -13° суук болушу күтүлөт.
Бул күндөрү министрлик Бишкек-Ош жолунда көчкүнү атып түшүрүү аракеттерин көргөндүктөн, жол маалы менен жабылып турат.