Фейсбук социалдык түйүнүндө ноябрда абоненттер бир киловатт-саат үчүн 2,16 сомдук тариф боюнча төлөшөт, мындан улам эсептер көп чыгып калат деген талаш-тартыштар болууда.
«Түндүкэлектр» ААКсы 24.kg агенттигине тариф өзгөрбөйт деп жооп берди. 700 киловаттка чейин электр жарыгын пайдалангандар мурункудай эле 0,77 сомдон, ал эми андан жогору болгондор 2,16 сомдон төлөшөт.
Буга чейин энергетиктер ноябрда эсеп былтыркы жылдын ушул маалына караганда көп чыгат деп билдиришкен. Суук болгондуктан ноябрда электр энергиясын пайдалануу 24 пайызга көбүрөөк болгон.