14:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Коопсуз шаар». «Вега» компаниясы 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке киришет

«Коопсуз шаар» долбоору «Вега» компаниясы тарабынан 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт. Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жол кырсыгы көп катталган 38 көчөнүн 90 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште «Коопсуз шаар» долбоору боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

Айтымында, Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам сындуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлат. Андан тышкары, 20 мобилдүү көчмө комплекстер иштей баштамакчы.

Өкмөт жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыгын азайтуу багытындагы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга 2 миллиард 550 миллион сом караган. Сынактын жыйынтыгында россиялык «Вега» компаниясы жеӊип чыгып, ал долбоорду аткаруууга 2 миллиард 320 миллион сом каражат жумшамак болду.

Келерки жылы «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотула турганы белгилүү болду.

Акыркы жети жылдан бери бул долбоор ишке ашпай жатканын сынга алган депутат Наталья Никитенконун айтымында, Кыргызстанда өткөн жылы 4469 жол кырсыгы катталып, 612 адам, анын ичинде 77 өспүрүм каза болгон.

 

Эң көп окулган жаңылыктар