05:23
USD 86.80
EUR 91.17
RUB 0.82

Сингапур Өзбекстанда 2,5 миллиард долларга «акылдуу шаар» курат

Сингапурдук компания Ташкент облусунда 2,5 миллиард долларга «акылдуу шаар» курууну пландоодо.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, курулуш тууралуу меморандумга Сингапурдун Universal Success Enterprises компаниясы менен Өзбекстан мамлекеттик инвестициялык комитети кол койгон.

Долбоор 2021-жылдын аягында бүтөт деп пландалууда.

Universal Success Enterprises компаниясы «акылдуу» жана индустриалдык шаарларды куруу боюнча ири тажрыбага ээ экенин айтылууда. Компания Индияда 152 гектар жерде Kolkata West International City жана 400 гектар жерде Dholera Special Investment Region шаарчасын курган.

 

Эң көп окулган жаңылыктар