Эртең Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы өчөт

15:19, 28 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Эртең Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Электросила» ЖЧКсынан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы төмөнкү даректерде жок болот:

— «Көк-Жар» конушу, Куйручук көч. 20,20/1,20/7,24-А,Б,В,26,26/1 үйлөрү, Молдокулов көчөсү, № 30, 30/1 үйлөр;

— «Браво», «Ницца», «Нооруз», «Ордо», «Орто-Сай», «Шабдан» коттедж шаарчалары;

— Токомбаев көчөсүндө, Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн баштап Нуржамал көчөсүнө чейин «Бристоль», «Давос» турак-жай комплекстеринде, БААУнун окуу корпусунда.