Бурулайдын өлүмү. Күнөөлүү кызга бычак сайбаганын айтты

12:24, 28 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча кылмыш ишин кароо уланууда. Бүгүн айыпталуучу Марс Бөдөшов суракка алынды.

Айтымында, каза болгон кыздын үй-бүлөсүн 3 жылдан бери тааныйт.

«Биз Бурулай экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз. 4-майда аны менен жолукканымда ал апасынын каршы экенин айтты. Мен анын ата-энеси менен сүйлөшөйүн дегем, бирок алар макул болушкан жок. Мен Бурулайды ала качайын дегенде кыз макулдугун айткан. Жолдо ал апасына телефон чалып өз ыктыяры менен бара жатканын айткан болчу», -деди ал.

Эске салсак, 27-майда 19 жаштагы Бурулай Турдалиева Жайыл РИИБнын имаратында бычактан алган жаракатынан каза болгон.

Сурактын жүрүшүндө соттолуучу кызды өлтүрбөгөнүн жана өзүнө дагы бычак сайбаганын айтты.