Бишкек шаарында «КСДП Атамбаевсиз» урааны астында жыйын өтөт

11:24, 28 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкек шаарында «КСДП Атамбаевсиз» урааны астында жыйын өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Алардын маалыматында, партиянын Свердлов райондук бөлүмүнүн конференциясы болот.

«Бул иш-чарага өлкөбүздөгү бардык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырабыз. Жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевди КСДПдан чыгаруу маселеси каралып, бул боюнча райондогу партия мүчөлөрүнүн чечими кабыл алынат», — дейт уюштуруучулар.

Сагынбек Абдрахманов демилгелеген «КСДП Атамбаевсиз» урааны астында иш алып бараткан кыймыл буга чейин Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында жана Бишкектин Биринчи май райондорунда өткөрдү.