Орусияда баңгизатын сатып өткөрүүгө шектелген кыргызстандык жаран соттолду

10:30, 28 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Орусиянын Челябинск шаарынын Тракторозаводский райондук сотунун өкүмү менен баңгизатын сатып өткөрүүгө шектелген кыргызстандык Адилходжаев менен Орусиянын жараны Белявский соттолду. Бул тууралуу Челябинск облусунун прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Адилходжаев 8 жыл 6 ай түзөтүү колониясында жаза өтөмөк болду. Мындан тышкары ал 100 миң рубль айып төлөйт. Белявский 14 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айып төлөө милдеттендирилди. Айыпталуучу 3 жыл түрмөдө, калган жылын түзөтүү мекемесинен жаза өтөйт.

Адилходжаев менен Белявский 2017-жылдын июнунда 8,6 килограмм героинди сатып өткөрүүгө айыпталууда.