Айжан Исмаилова апасын издеп жатат

09:45, 28 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

ИИМ Айжан Исмаилованын апасын табуу үчүн жардам сурап жатат. Кыздын айтымында, атасын Леня, ал эми апасын Тамара деп чакырышчу. Балким, апасы казак кызы болушу мүмкүн, анткени коңшу өлкөгө тез-тезден каттап турчу.

Эки өлкөнүн укук коргоо органдары ыкчам издөө иш-чарасын өткөрдү, бирок кыздын апасы табылган жок.

Эгерде Айжандын апасы тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номурларга байланышса болот: 0555304683, 0703032274, 0312266317, 0312266261.