23:02
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Сорос фонду Түркияда өз ишин токтотот

Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Соростун «Ачык коом» фонду Түркиядагы ишмердигин президент Режеп Тайып Эрдогандын катуу сынынан кийин токтотот. Немистердин «Deutsche Welle» агенттиги эл аралык кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнүн билдирүүсү чыкканын маалымдады.

Буга чейин түрк лидери америкалык филантропту өлкөлөр ортосунда «ажырым отун жагууда» деп айыптаган. Эрдогандын пикиринде, Сорос 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүштүн артында тургандарды каржылаган. Ошондой эле түрк лидери Сорос бир жылдан ашуун түрмөдө отурган ишкер Осман Каваланы колдогон деп эсептейт. Түрк маалымат каражаттары «Сорос фонду 2013-жылы Стамбулдун Таксим аянтында өткөн массалык нааразылык акцияларын колдогон» деп жазып турушкан.

Сорос фонду мындай дооматтардын баарын четке каккан. Эл аралык фонд дүйнөдө жарандык укуктарды коргоо багытындагы долбоорлорду колдойт.

Соростун «Ачык коом» институту Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын катуу сынынан улам Будапешт шаарынан Германиянын баш калаасы Берлинге көчмөк болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар