16:27, 27 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын калкын санариптик негизде каттоо идеясы каражаттын жоктугунан улам ишке ашпай калды. Бул тууралуу экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов айтты.
Анын билдиргение караганда, Кыргызстан калкты каттоону өткөрүү боюнча гран алган. Бирок, ал каражат процессти уюштурууга гана жетет, ал эми планшеттерди сатып алууга алы жетпейт.
«Бизде 18 миң каттоочу иш алып барат. Мынча суммадагы планшеттерди сатып алуу мүмкүн эмес. Мындан улам, 2020-жылы калкты каттоо өнөктүгүн салттуу түрдө өткөрөбүз», -деди Акылбек Султанов.
Эске салсак, жалпы калктын санын каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-парелине чейин жүргүзүлөт.