15:10, 27 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Иш менен камсыз болгон кыргызстандыктардын болгон 30 пайызы гана мекеме, уюм жана ишканаларда эмгектенишет. Бул тууралуу экономикалык жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин отурумунда билдиришти.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2,3 миллион киши иш менен камсыз болгон. Алардын 630 миңи ар ай сайын маяна алып, Соцфондго акча төлөшөт.
Эске салсак, ушул жылдын 1-августунда Кыргызстанда жашаган жарандардын саны 6,3 миллион кишини түздү.