11:50, 27 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеште айрым өлкөлөргө визасыз режимдин мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуштап жатышат. Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети демилгени колдоду.
Мыйзамдолбоору боюнча, 55 өлкөнүн жарандары 2030-жылга чейин Кыргызстанга визасыз кире алат.
Эске салсак, Кыргызстан 2012-жылы 45 өлкөгө визасыз режим киргизген. Азыр тизмеге дагы 10 өлкөнү киргизүү сунушталып жатат.