11:19, 27 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Парламентке «Сугат жерлерди трансформациялоо тууралуу» мыйзам долбоору келип түштү. Вице-спикер Мирлан Бакиров 24.kg агенттигине процесс кандай өтө тургандыгын айтып берди.
Маалыматка караганда, көчүрүү үчүн кезекте 42 миң үй-бүлө турат.
Өкмөт 2009-жылга чейин турак жайлар салынып калган жерлерди трансформациялоо тууралуу убактылуу жобо иштеп чыкты. Ал эми жергиликтүү бийлик көчүрүү жөнүндө чечим чыгарды. Бирок, 2011-жылы мораторий жарыяланган, анын мөөнөтү кийинки жылы аяктайт.
«Мындан улам, бул маселеле курч бойдон турат. Бирок, процесс онлайн режимде өтүшү керек деп эсептейм. Жемкорлукка жол бербей таза карап чыгышыбыз керек», -деди ал.
Мирлан Бакировдун айтымында, токой фондуна тиешелүү жерлер жана өндүрүштүк маанидеги жерлер дагы трансформацияланат.