Бишкектеги батирден эркек кишинин сөөгү табылды

10:24, 27 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Октябрь районундагы батирден эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, куткаруучулар 26-ноябрда 7-кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирдин жабылып калган эшигин ачышкан.

Батирдин ичинен табылган киши 1961-жылы туулган А.А. экени такталды. Анын денеси тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.