Орусиядагы мушташка кыргыздар катышкан эмес

17:05, 26 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Орусиядагы мушташка кыргыздар катышкан эмес. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, аталган заводдун курулушундагы мушташка казак жана тажик жарандары катышкан. Алар ошол жердеги жумушчулар экени айтылууда.

Мурдараак орус басылмалары Амур аймагындагы газ иштеткен заводдо 22-ноябрда кыргызстандыктар менен казакстандыктар мушташканын жазган болчу.