Ошто жер силкинди

11:50, 26 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 26-ноябрда таңкы саат 05:18де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 баллга, Эркештам, Нура айылдарында 4 баллга жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.