Орусияда казактар менен кыргыздар мушташты

11:25, 26 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Орусияда казак-кыргыздардан турган жумушчу топтун ортосунда массалык жаңжал чыкты. Бул тууралуу «2×2.su» басылмасы жазып чыкты.

Окуя 22-ноябрда кечке маал болгон. Эки топтун массалык мушташына пикир келишпестиктер себеп болгон.

Мушташтан 18 жаштагы бир адам оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Жергиликтүү полиция кызматкерлери билдиргендей 22 жаштагы шектүү убактылуу камалуучу жайга киргизилген.