Окурман: Жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында кезек күткөндөрдүн саны көп

11:10, 26 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында акыркы күндөрү кезек күткөндөрдүн саны көбөйдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ түнү кабылдамада жогорку температурасы бар балдардын ата-энелери бир канча саат кезекте турушкан. 

«Бул жакта негизинен балдар турат. Көбүнүн температурасы жогору. Айрымдары 3 саат бою кезек күткөндөр бар. Болгону 2 дарыгер аларды кабыл алып жатат», -деп билдирди окурман.