Кыргызстандык жаран Казакстанга чоочун паспорт менен өтүп кетүүгө аракет жасаган

10:28, 26 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык жаран Казакстанга чоочун паспорт менен өтүп кетүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, «Чалдыбар-автодорожный» өткөрүү пунктунан кыргызсстындык жаран 1976-жылы туулган А.А. аттууга таандык паспортту көрсөткөн.

Бирок, чек арачылар күмөн санап, текшерүүгө алышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык эгиз бир тууганынын паспортун алып жүргөнү аныкталды.