Өзбекстан аскердик даярдыгын текшерерин Кыргызстанга кабарлады

08:34, 26 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан бүгүн 26-ноябрда өзүнүн аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын текшерет.

25-ноябрда бул тууралуу расмий нота өзбек тараптан Кыргызстанга келип түшкөнүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Өзбекстан чыгыш тарабынан Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешери маалым.