Түркияга чоочун паспорт менен учуп кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

16:17, 23 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

«Манас» аэропортунун чек арачылары Түркияга чоочун паспорт менен учуп кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Бишкек-Стамбул каттамын каттоо учурунда 23 жаштагы К.С., аттуу жаран 1997-жылкы З.С., аттуу жаранга таандык паспортту көрсөткөн. Текшерүү маалында документтеги сүрөт шек санаткан. Жүктү текшерүү маалында кыздын өзүнүн ID — card үлгүсүндөгү паспорту табылган.

Кармалган жаран Түркиянын миграциялык мыйзамын бузгандыгына байланыштуу ага Түркия Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынгандыгын билдирди.