«Чет тилдер» кыздар медресесинде 45 студент тигүүчүлүк кесибин аяктады

16:40, 23 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Муфтий Максатбек Токтомушев Талас шаарындагы «Чет тилдер» кыздар медресесинин студенттери жана мугалимдери менен жолукту. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, окуу жайда бүгүнкү күндө 8 мугалим, 61 студент кыз билим алат. Ал эми келип-кетип окуган кыз-келиндердин жалпы саны 250дөн ашат.

Медресе 2017-жылы кесиптик билим берүү долбоорунан тигүүчүлүк кесибин тандап, быйылкы жылы 45 студент тигүүчүлүк кесибин аяктады.

«Чет тилдер» кыздар медресесинде англис, орус, араб, япон, түрк, корей жана француз тилдери окутулууда.