10:58
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Терроризмге жана эктремизмге каршы. Ошто 10 000 киши жөө жүрүшкө катышты

Ош шаарында терроризмге жана эктремизмге каршы он миңдей кишинин катышуусунда жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, ​шаардык кеңештин депутаттары, муниципалдык ишканалардын, казыяттын кызматкерлери жана студенттер катышты.

Алар колдоруна радикалдык, террористтик жана башка терс көрүнүнүштөргө күрөшүү боюнча ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар