15:27, 23 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Ош шаарында терроризмге жана эктремизмге каршы он миңдей кишинин катышуусунда жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, муниципалдык ишканалардын, казыяттын кызматкерлери жана студенттер катышты.
Алар колдоруна радикалдык, террористтик жана башка терс көрүнүнүштөргө күрөшүү боюнча ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.