Бурулай Турдалиеванын портрети медколледждин жатаканасында пайда болду

15:01, 23 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыз ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдалиеванын портрети Бишкектеги медициналык колледжинин жатаканасынын алдында пайда болду. Бул тууралуу Инстаграмга DOXA art-groupтун сүрөтчүлөрү жазып чыгышты.

«Биз бул кыздын трагедиялуу тагдыры тууралуу баары эле билет деп ойлойбуз. Бул иш аркылуу коомчулуктун көңүлүн гендердик зомбулукка каршы болууга чакырабыз. Кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка жана ала качууга каршы болууга үндөйт», -деп жазышкан алар. 

Фото