Бүгүн Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы жок болот

10:24, 23 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы жок болот. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

10.00-15.00 — Айнек заводунун аймагы;

09.30-19.00 — Көк-Жар конушундагы Боогачы, Босого, Сайма-Таш, Молдокулов, Көк-Жайык, Арстанбап, Шоокум көчөлөрү;

13.00-17.00 — 3-кичирайондогу № 20-30 үйлөр;

13.00-16.00 — Элебаев, Кулатов, Горький көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Геологический туюк көчөсү;

09.00-18.00 — Түлөбердиев көчөсүнүн бир бөлүгү, Тихвинский туюк көчөсү;

09.00-18.00 — Васильев, Белинский көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Талас туюк көчөсү, Чоң-Арык айылындагы Мост көчөсү;

09.00-18.00 — Лущихин, Чайковский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09.00-18.00 — Арча-Бешик конушундагы Көк-Дөбө көчөсүнүн бир бөлүгү;

09.00-18.00 — Манас көчөсү;

00.03.00 — Кулиев, Жибек Жолу, Фучик, Профсоюз, 110-квартал көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09.30-18.00 — Күрөңкеев, Турусбеков, Ленинград, Исанов көчөлөрүнүн бир бөлүгү.