Бишкектин Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады

09:40, 23 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, учурда темир каркасы орнотулуп жатат.

«Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метрди түзөт. Эски каркас колдонулат. Азыркы тапта жаңы жылдык оюнчуктарга ревизия жүргүзүлүүдө», -деди Бишкек мэринин маалыматтык саясат боюнча коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова.