USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Сабалган жоокерлер офицерлердин ар биринен 200 000 сомдон талап кылышууда

09:22, 23 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

№ 73809 аскер бөлүгүнүн жоокерлери сотко кайрылышып, аларды сабаганга шектүү офицерлердин ар биринен 200 000 сомдон талап кылышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Айтымында, экинчи кылмыш ишин алгачкы жардам көрсөтпөгөн фельдшерге карата козгошту. Ишти Аламүдүн райондук сотуна жиберишти. Азиза Абдирасулованын айтымында, жоокерлер эми күбө катары суралбай, жабырлануучу катары саналууда.

Эске салсак, жоокерлер укук коргоочуларга шылдыңга тушугуп жаткандарын айтып арызданышкан. Айтымдарында, аларды айылдарга алып барып кык ташытып, унааларды оңдоттуруп, арык тазалатышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18