Чукул билдирүү. Дем алыш күндөрү кар жаайт

17:33, 22 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

2018-жылдын 24-25-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз жана 25-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

25-26-ноябрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт.