Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кыргызстандын гана жараны

15:03, 22 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кыргызстандын гана жараны. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, депутат Ирина Карамушкина айткандай Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов Орусиянын жарандыгын алган эмес.

«Мэр 2002-жылы Новосибирск шаарында мигрант катары жүргөн. Бүгүнкү күндө мэрдин айтымында, ал Кыргызстандын гана жараны», — деп айтылат маалыматта.

Депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊештин жыйынында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун кош жарандуулугун УКМКдан текшерүүнү сунуштады. Мыйзамдарга ылайык, чет өлкөлүк жарандардын жетекчилик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынган.