Бишкекте акыркы кезде абанын булганышы башкы экологиялык мүшкүлгө айланды. «Move Green» коомдук кыймылы баш калаада аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги муну четке кагууда.
Бирок ноябрь келип, күн сууктаганы Бишкектин асманын ыш каптады. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары муну тастыктаган сүрөттөрдү Интернетке жүктөп жатышат. Бул маселе кийинки жылдары күз-кыш айларында өзгөчө байкалууда.