16:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жол кырсыктарынын 80 пайызы айдоочулардын айынан болот

Кыргызстанда унаалардын 80 пайызы 10 жылдан ашуун убактан бери пайдаланылып келет. Бул өз убагында техникалык абалына начар таасир берүүдө. Мындай маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Айтымында, жол кырсыктарынын негизги себеби- айдоо маданиятынын жоктугу.

«Статистика боюнча, жол кырсыктарынын 80 пайызы айдоочулардын айынан болот. Буга унаанын техникалык абалынын начардыгы жана айдоочулардын начар даярдыгы себеп», -деди Ыманалы Саркулов.

Ал билдиргендей, айдоочулардан башка жөө жүргүнчүлөр дагы коопсуздук үчүн жооп бериши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар