Балыкчыда белгисиз бирөөлөр эки унааны уурдап, бирөөнү өрттөп салышкан

10:29, 22 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында 19-ноябрда белгисиз бирөөлөр эки унааны уурдап кетип, бирөөнү өрттөп салышкан. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, уурдалган унаалар 20-ноябрда шаардын четинен табылды.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп, териштирүү иштери уланууда.