Пара алган аскер комиссарынын орун басарынын иши сотко өттү

09:16, 22 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата райондук аскер комиссарынын орун басарынын иши сотко өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, капитанга «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөө коюлду. Ал Бишкектеги № 1 тергөө абагына алынып келинди.

Эске салсак, капитан пара алып жаткан жеринин кармалган. Ал көрүүсү начар баланын апасынан аскерге уулун жиберем деп коркутуп пара өндүргөн.