Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, мындан тышкары акы төлөнүүчү жол Ташкенттен Өзбекстандын Чимган аймагына чейин да курулушу мүмкүн.
Жолугушуу маалында тараптар ошондой эле курулуш тармагына адистерди даярдоо боюнча окутуу курстарын ачуу демилгесин карашты. Жыйынтыгында кытай ыкмасы боюнча окутуу үчүн базалык аянтча катары төрт кесиптик колледж тандалып алынды.