Газ менен жүрө турган автобустарды сатып алуу үчүн тендер жарыяланды

17:06, 21 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Жаратылыш газынын жардамы менен жүрө турган автобустарды сатып алуу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу тегерек столдун жүрүшүндө шаардык муниципалитеттин транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Жунусов билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта баш калаада дээрлик 100гө жакын муниципалдык автобустар жүрөт. Алардын пайдаланылганына 10 жыл болду.

«Мэрия 2019-жылы күйүүчү май менен эмес, жаратылыш газы менен жүрө турган 50 автобус сатып алууга ниеттенип жатат. Натыйжада абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу азаймакчы», — деди Кубанычбек Жунусов.