Мамлекеттин тышкы карызы 3 миллиард 764 миллион долларга жетти

16:45, 21 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

2018-жылдын 30-сентябрына карата мамлекеттик карыздын өлчөмү 4 миллиард 364,82 миллион долларын (302 млрд 382,65 млн сомду) түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдайт.

Анын ичинде тышкы карыз — 3 миллиард 764,48 миллион доллар (260 млрд 793,22 млн сом), ички карыз — 600,33 миллион доллар (41 млрд 589,43 млн сом).

Белгилей кетсек, тышкы карыздын 40 пайызы Кытайдын Эксимбанкынан алынган.