Султан Ибраимовго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» ардактуу наамын ыйгаруу туура болот деп эсептеймин. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада айтты.
«Султан Ибраимов элдин оюнда, жүрөгүндө эчак эле Элдик баатыр болуп калган. Тилекке каршы, бул наамды ага расмий ыйгарууга 2017-жылы кабыл алынган мыйзам жол бербейт экен. Султан Ибраимовдун кыргыз мамлекети үчүн жасаган эмгегин татыктуу баалоо иретинде, кийинки муундун урмат-сыйын билдирүү максатында мен Султан Ибраимовго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» ардактуу наамын ыйгаруу туура болот деп эсептеймин. Ал үчүн депутаттардан мыйзамга тийиштүү өзгөртүү киргизүүнү өтүнөт элем. Парламент каршы болбойт деп ишенем. Мыйзам кабыл алынса, тийиштүү Жарлыкка кол койгонго мен даярмын», — деп белгиледи мамлекет башчысы.
«Ал эмгек жолун карапайым жумушчудан баштап, министрге, өлкөдөгү эң ири областын биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасына чейинки татаал жана даңктуу жолду басып өттү», -деди президент.
Маалыматка караганда, Султан Ибраимовдун убагында ири мал чарба бирикмелеринде чабандар үчүн мончолор курулган. Амбулаториялар, дүкөндөр, кино көрсөтүүчү аппараттар жана китепканалар, автопоезддер түзүлүп, жайлоолордо жана кыштоолордо, пахта талааларында калкты тейлөө жолго коюлган.